05.02.24

Казакстан эки жылдын ичинде, Транскаспий багыты боюнча мунай жеткирүү көлөмүн 3 миллион тоннага жеткирүүнү көздөп жатат. “Report” маалымат агенттиги “Интерфакска” шилтеме берүү менен билдиргендей, бул тууралуу казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

05.02.24

Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү акыркы жылдары беш эседен ашык өсүп, 2023-жылы 1 миллиард 94 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Акмолжон Кучкаров Ашхабаддагы брифингде билдирди, деп жазат “SNG.Today” маалымат басылмасы.

01.02.24

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга болгон иш сапарынын алкагында, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

02.02.24

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген өкмөттүк делегация, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши жана санарип форумуна катышуу үчүн Казакстандын Алматыга шаарына келди.

02.02.24

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов бейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, энергетика жана жарандык авиация тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу, “Anadoly”  маалымат агенттиги билдирди.

01.02.24

Шейшемби күнү Брюсселде өткөн Инвесторлор форумунда “Туркмендениздеряйоллары” агенттигинин төрагасынын орун басары Сейитгулы Байсеидов “Түркмөнбашы” эл аралык портунун Европа менен  Орто Азиянын ортосунда байланышты камсыз негизги деңиз хабы катары стратегиялык ролун баса белгиледи.

01.02.2024

Түркиянын мамлекеттик “BOTAŞ” компаниясы, Түркмөнстандын газын Түркиянын базарына экспорттоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.  Бул тууралуу  “BOTAŞ” компаниясынын жетекчилиги Анкарада 2024-жылдын 29-январында “Түркмөнгаз” жана “Түркмөннебит” мамлекеттик концернинин ишканасынын өкүлдөрүнөн турган Түркмөнстандан келген делегация менен жолугушуу учурунда билдирди.

01.02.24

Казакстан 2024-жылы Кыргызстандын экономикасына 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу, Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

01.02.24

Кыргызстан “Транскаспий” эл аралык транспорт коридорун (Орто коридор) Кыргызстан менен Кытайдан Европа өлкөлөрүнө автомобиль жана темир жол транспорту үчүн колдонууну пландаштырууда.

29.01.24

Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын аягында 14,6% пайызга өсүп, 1 миллиард 232 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте иш сапары менен жүргөн Казакстандык кесиптеши Мурат Нуртлеу менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.