17.01.23

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 17-январь күнү, Давос шаарында “Fortesque Future Industries” компаниясынын төрагасы Эндрю Форест менен жолугушту. Бул тууралуу “Vesti.az”  маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушууда Азербайжандын Энергетика министрлиги менен “Fortesque Future Industries” компаниясынын ортосунда өткөн айда кол коюлган меморандумга ылайык, Азернбайжанда шамалдан жана күндөн 12 миң мегаватт энергиясын өндүрүү долбоорун ишке ашыруу таалкууланды.

Ошондой эле Бухарест шаарында буга чейин “Азербайжан, Грузия, Румыния жана Венгриянын өкмөттөрүнүн ортосунда жашыл энергияны өндүрүүнү өнүктүрүү жана сатуу жаатында стратегиялык өнөктөштүк”  макулдашуусунун мааниси баса белгиленди. Бул долбоордун алкагында, Азербайжанда өндүрүлгөн жашыл энергияны келечекте, Европа рыногуна жеткирүү маанилүү экендигине токтолушту.

Сүйлөшүү учурунда, Азербайжанда суутек, анын ичинде жашыл суутекти өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда кызматташуунун маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Азербайжандын эл аралык энергетика компаниялары менен кол койгон өз ара түшүнүшүү меморандумдары жана келишимдери өлкөгө 22 миң мегаваттка чейин шамал жана күн энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул энергиянын бир бөлүгүн (12 000 мегаватт) “SOCAR” жана “Fortesque Future Industries” компаниялары өндүрөт деп болжолдонууда.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Азербайжан энергиянын кайра жаралуучу булактарына бай жана жагымдуу инвестициялык шарттары бар экендиги белгиленди.

https://vesti.az/ekonomika/v-azerbaidzane-realizuyut-proekt-po-proizvodstvu-12-tysyac-megavatt-vozobnovlyaemoi-energii-480777