30.01.23

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Венгрияга жасаган иш сапарынын учурунда 30-январь күнү, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Иш сапарынын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлгандан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында, Илхам Алиев: “Азербайжан менен Венгриянын кызматташтыгынын көп бөлүгү энергетика маселелерине тиешелүү болсо дагы, бул маселелер менен эле чектелбейт. Транспорт тармагында да абдан чоң пландарыбызды ишке ашырып жатабыз” - деп билдирди.

Азербайжан жана Венгрия ортосунда темир жол аркылуу товар ташуу башталганын белгилеген мамлекет башчы, бул долбоордун да чоң потенциалы бар экенин, анткени Россия-Украина согушунан кийин, Азербайжандын аймагы аркылуу товар ташуу кескин көбөйгөнүн белгиледи.

Илхам Алиев: “Өткөн жылы эле транзиттик жүктөрдүн көлөмү 75 пайызга өскөн. Азербайжанда бар заманбап транспорттук инфраструктуралар ​​танкерлер болобу, кемелер болобу, ири соода деңиз порту болобу, темир жолдор болобу, алардын баары заманбап жана бардык зарыл талаптарга жооп берет. Ошондуктан, Азербайжандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болсо дагы, Евразиянын маанилүү транспорттук-логистикалык борборлорунун бири боло алат деп ойлойм. Европа өлкөлөрү менен өзгөчө биз үчүн Евробиримдиктеги эң жакын өнөктөштөрдүн бири болгон Венгрия менен кызматташуу үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп баса белгилеп өттү.

https://media.az/politics/1067894536/ilham-aliev-azerbaydzhan-mozhet-stat-odnim-iz-vazhnyh-transportno-logisticheskih-centrov-evrazii/