01.02.23

Учурда Азербайжандын экономикалык аймактарында пахта жана жибек өстүрүү боюнча кластерлерин түзүү үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул тууралуу, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында, Азербайжандын Экономикалык аймактарды өнүктүрүү агенттигинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замир Дибиров билдирди.

Анын айтымында, Экономикалык аймактарды өнүктүрүү агенттиги менен Өзбекстандын “Өзбекипаксаноат” жана “Узтекстильпром” бизнес-ассоциацияларынын ортосунда жибек, пахта жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.

Замир Дибиров: “Биргелешкен кызматташтыктын алкагында, экономикалык аймактарда пахтачылык жана жибек өстүрүүчүлүк кластерлерин түзүү пландаштырылууда. Учурда инвесторлор менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, иш-аракеттерди баштоо үчүн жер бөлүү иштери жүрүп жатат”- деп билдирди.

https://report.az/ru/biznes/azerbajdzhan-vedet-peregovory-s-investorami-o-sozdanii-klasterov-s-uzbekistanom/