30.31.23

Азербайжандын Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөр менен болгон өз ара инвестициясы 35 миллиард доллардан ашты.

Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Венгриянын борбору Будапешт шаарында болуп өткөн, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин III-жыйынында билдирди.

Министр өз сөзүндө, Азербайжандын уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү өткөн жылы 42,7% пайызга өсүп, 7,2 миллиард доллардан ашканын белгиледи. Аталган уюмга мүчө мамлекеттер Азербайжандын экономикасына 14,3 миллиард доллар инвестиция салса, Азербайжан 21 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Парвиз Шахбазов “TANAP” жана “TAP” газ куурларынын ишке киргенден бери Азербайжан Түркияга 20,9 миллиард метр куб, Европага 22 миллиард метр куб газ эскпортко  чыгаргандыгын билдирди.

https://report.az/ru/energetika/nazvan-obem-vzaimnyh-investicij-azerbajdzhana-s-tyurkoyazychnymi-stranami/