01.04.23

Венгрия апрель айынын аягында, Болгария жана Румыния менен Азербайжандан жаратылыш газын импорттоп алуу үчүн “Түштүк-Чыгыш Европа” газ куур системасын өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюуну пландаштырууда.

Бул тууралуу, бейшемби күнү Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто  Будапештте болуп өткөн “Түрк мамлекеттер уюмунун” (ТМУ) Энергетика министрлери менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто, Европага газ жеткирүү булактарын жана жолдорун диверсификациялоо тууралуу айтып келип: “Венгрия ушул жылдын аягына чейин, Азербайжан газын импорттой баштайт жана келечекте 1-2 миллиард куб метр газ сатып алуусу күтүлүүдө. Бул газдын бир бөлүгү Түркия аркылуу келиши мүмкүн жана бул маселе боюнча, Түркиялык өнөктөштөр менен конкреттүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жогорудагы максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн биз келерки айдын аягында, Болгариянын София шаарында келишимге кол коебуз” ­- деп билдирди.

https://vesti.az/ekonomika/vengriya-bolgariya-i-rumyniya-gotovyat-soglasenie-dlya-postavok-gaza-iz-azerbaidzana-486013