06.04.23

Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Тбилисидеги «Жашыл энергетика коридору» форумунда сүйлөп жатып: “Бизге энергия булактары керек.

Венгрияны энерия менен тең салмактуу камсыздоо үчүн   жаңы булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн карай турган болсок, анда биз Кавказ аймагы жана Азербайжан менен байланыштуу эң реалдуу сценарийди көрөбүз. Ал эми, Азербайжанга келсек, бизде газ боюнча саясий келишим бар, ал быйыл ишке ашырылат”, - деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, өлкө үчүн көгүлтүр отундан тышкары электр энергиясын импорттоо да маанилүү. Питер Сиярто: “Бизде электр энергиясынын кошумча булактары пайда болгондо, бул биздин газдын импортуна да таасирин тийгизет. Кавказ аймагынан электр энергиясын импорттоо дагы бир кошумча  булак жана биз үчүн энергияны диверсификациялоого  мүмкүнчүлүк берет”, - деп  белгилеп өттү.

https://vesti.az/ekonomika/vengriya-vidit-v-azerbaidzane-novye-vozmoznosti-v-voprose-istocnikov-energii-486478