19.04.23

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев  Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Шахин Багиров менен 14-апрель күнү  жолугушту.

Шахин Багиров  Азербайжандагы кыргызстандык транспорттук компанияларга, жүк ташуучуларга жана ишкерлерге максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Кайрат Осмоналиев көрүшмө учурунда, Кыргызстандын транзиттик потенциалы жана өлкөдөгү “Санариптик жашыл коридорлорду” тууралуу маалымат берди.

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү максатында, жолугушуунун катышуучулары эки мамлекеттин бажы кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин ырасташты.

Муну менен катар, тараптар Азербайжандын аймагында Кыргызстандын транспорттук компанияларына жана жүк ташуучуларына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

https://kg.economist.kg/news/2023/04/19/azerbajzhan-kyrgyzstandyk-transporttuk-kompaniyalarga-maksimalduu-t-rd-k-m-k-k-rs-t-g-dayar/