22.04.23

Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү ушул жылдын январь-март айларында, өткөн 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4 эсеге (38,92 миллион доллар) өсүп, 211,88 миллион долларга жеткен.

Бул тууралуу, жума күнү «Trend» агенттиги Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин статистикалык маалыматтарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстан Азербайжан менен соода жүгүртүү боюнча алдыңкы 15 өлкөнүн катарына кирген.

Түркмөнстандын Азербайжанга январь-март айларында,  экспорту 190 миллион долларын түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (30,14 миллион АКШ доллары) 6,3 эсеге жогору болду.

https://business.com.tm/ru/post/10137/turkmenistan-voshel-v-top15-po-obemu-tovarooborota-s-azerbaidzhanom