26.04.23

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2027-жылга чейин Европага жаратылыш газынын экспортун эки эсеге көбөйтүү пландары тууралуу айтты. Бул тууралуу “Centralasia.news” маалымат кызматы билдирди.

Болгариянын София шаарында 25-апрель күнү “Булгартрансгаз”, “Трансгаз”, “FGSZ”, “Eustream” жана Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR” мунай компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүү боюнча “Өз ара түшүнүшүү меморандумуна”  кол коюу аземи болуп өттү.  Аталган иш чарага, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Болгариянын мамлекет башчысы Румен Радев катышты.

Илхам Алиев мындай кадам, Азербайжан менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү экендигин белгилеп өттү.

Азербайжандын президенти көрүшмө учурунда, буга чейин 2020-жылдын июль айында кол коюлган “Стратегиялык энергетикалык өнөктөштүк” жөнүндө меморандумду эске салып, анын негизинде 2027-жылга чейин, Европа Биримдигинин (ЕБ) рыногуна газ берүүнү эки эсеге көбөйтүү пландалып жаткандыгын белгилеп өттү.

Илхам Алиевдин айтымында, 2021-жылы Азербайжан Европага 8 миллиард кубометр газ берген, быйылкы жылы түзгөн 12 миллиард куб метр газ берүү пландалууда.

https://centralasia.news/21043-azerbajdzhan-nameren-vdvoe-uvelichit-postavki-prirodnogo-gaza-v-evropu-k-2027-godu.html