01.05.23

Азербайжан жана Өзбекстан транспорт каражаттарын өндүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров дүйшөмбү күнү өзүнүн твиттер баракчасында: «Азербайжандын Экономикалык аймакты өнүктүрүү агенттиги, Машина жана жабдууларды өндүрүүчүлөр ассоциациясы жана Өзбекстандын «УзАвтоСаноат» акционердик коомунун ортосунда Азербайжанда унаа өндүрүшүн кеңейтүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду» - деп билдирди.

Анын айтымында, келишимди ишке ашыруу Азербайжанда машина куруунун өнүгүшүнө салым кошот. Аталган документке, Азербайжандын Экономика министри  Микайил Жаббаров жана Өзбекстандын «УзАвтоСаноат» компаниясынын жетекчиси Улукбек Розукуловдун жолугушуусу учурунда кол коюлду.

Көрүшмө учурунда, Азербайжанда автоунаа өндүрүшүн өнүктүрүү жана өлкөдө чыгарылган автоунааларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо маселелери дагы талкууланды.

Белгиленгендей, Азербайжандын Гаджикабуль өнөр жай аймагында биргелешип автоунаа чыгаруучу завод курулат.

http://interfax.az/view/891240