25.09.23

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Нахчивандагы жолугушуусунан кийин, “Игдир-Нахчиван” жаратылыш газ куурунун курулушун баштоо аземи өткөрүлдү.

Азербайжан жана Түркиянын ортосунда 2020-жылдын 15-декабрь күнү, Анкарада “Игдир-Нахчиван” жаратылыш газ куурунун куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган болучу. Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 2022-жылдын 10-февралындагы жарлыгына ылайык, “Игдир-Нахчиван” жаратылыш газ куурунун курулушуна мамлекеттик бюджеттен тиешелүү каражаттар бөлүнгөн.

Игдир-Нахчиван газ кууру 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү

Газ куурунун Азербайжан бөлүгүнүн курулушун “SOCAR” компаниясына караштуу “SOCAR Midstream Operations LLC” компаниясы, ал эми Түркияга тиешелүү тилкесинин курулушун “BOTAŞ” компаниясы жүргүзүүдө. “Игдир-Нахчиван”  жаратылыш газ куурунун, Азербайжан бөлүгүнүн курулушу 2024-жылдын май айында, Түркия бөлүгүнүн курулушу 2024-жылдын декабрь айында бүткөрүлүшү пландалууда.

https://www.qha.com.tr/turk-dunyasi/igdir-nahcivan-dogalgaz-boru-hattinin-temel-atma-toreni-gerceklestirildi-478890