18.09.23

Акыркы жылдары, Азербайжан жана Венгрия жакын арада өнүгүүнүн жаңы этабына кириши мүмкүн болгон тыгыз экономикалык байланыштарды түзө алышты.

Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь-июль айларында, Венгрия менен соода жүгүртүү 29,6 миллион долларды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,85% пайызга көпттүк кылат. Өткөн жылы өз ара соода 34,8% пайызга өскөн болучу. Ошол эле убакта Азербайжандын экспорту да тездик менен өсүп жаткан учуру. Акыркы үч жылда орто эсеп менен 50% пайызга, ал эми үстүбүздөгү жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү эки эсеге өскөн.

Энергетика эки өлкөнүн кызматташтыгында негизги ролду ойнойт. Жылдын акырына чейин Венгрия 100 миллион кубометрге жакын, ал эми келечекте жылына 1-2 миллиард кубометрге жакын газды Азербайжандан сатып алат.

Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сиярто “Bloomberg” телеканалына берген маегинде, өлкөсү жаңы байланыштарга, жаңы товар жеткирүү жолдоруна муктаж экенин жана Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ)  мүчө өлкөлөр, Чыгыш менен Батыштын ортосунда көпүрө болуу үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Анын айтымында, Азербайжан, Түркия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун аркасында, Венгрияга мунай жана газ жеткирүү боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

https://vesti.az/ekonomika/vengerskaya-rapsodiya-azerbaidzana-novyi-vitok-razvitiya-dvustoronnix-otnosenii-498269