02.10.23

Экинчи агробизнес форуму Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин катышуусунда экинчи ирет уюштурулду. Эскерте кетсек, мындай форматтагы биринчи жолугушуу Өзбекстанда болуп өткөн.

Агрардык форумга аталган уюмга мүчө болгон өлкөлөрдөн Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Венгрия жана Түркмөнстандан эки жүздөн ашык агроөнөр жай комплексинин, ири компаниялардын жана тамак-аш өндүрүүчүлөрүнүн жетекчилери катышты. Иш-чарада соода-экономикалык кызматташтыкты жана “B2B” форматындагы жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кызматташтык байланыштарды кеңейтүү үчүн түзүлгөн аянтча болуп эсептелет.

Азербайжандын Айыл чарба министри Меджнун Мамедов иш-чараны кириш сөзү менен ачып, өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги принциптерин белгиледи. Анын айтымында, агрардык сектордо өндүрүмдүүлүктү мындан ары жогорулатуу, экологиялык жактан таза продукция өндүрүү жана санариптик айыл чарбасын түзүү, продукциянын экспорттук түрлөрүн диверсификациялоо жана алардын географиясын кеңейтүү керек экендигин белгилеп өттү.

Агробизнес-форумунун алкагында, агроөнөр жай комплексинде өз ара экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, мүчө мамлекеттер менен байкоочулардын ортосунда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле сооданын өсүшүнө жана капиталды мобилизациялоонун жогорулашына басым жасалды.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/80053