09.10.23

2023-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгында, Азербайжан газ куурлары аркылуу, Европага газ жеткирүүчү өлкөлөрдүн алдыңкы бештигине кирди.

Бул тууралуу, “Vesti.az” маалымат булагы “APA-Economics” Еврокомиссиянын европанын газ рыногундагы кырдаал боюнча кварталдык отчетуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын биринчи чейрегинде, Азербайжан “Транс-Адриатикалык газ кууру” (TAP) аркылуу Европа биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө газ берүүнү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга көбөйтүп, 2,8 миллиард куб метрге жеткирген.

Январь айынан март айына чейин, алдыңкы беш газ экспорттоочу мамлекеттердин тизмесине Норвегия, Түндүк Африка, Россия жана Улуу Британия кирген.  Ал эми Азербайжан бул тизмеде  5-орунду ээлеген. Эскерте кетсек, 2021-жылдын 31-декабрынан тарта, Азербайжан “Транс-Адриатикалык газ кууру” (TAP)  аркылуу Европага көгүлтүр отун экспорттоп баштаган.

https://vesti.az/ekonomika/azerbaidzan-v-pyaterke-osnovnyx-postavshhikov-gaza-v-evropu-po-truboprovodam-500028