11.10.23

Казакстандын Түркстан шаарында 11-октябрда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) кирген өлкөлөрдүн туризм министрлеринин 8 жыйыны болуп өттү. Маалыматка ылайык, иш-чарага Азербайжандын делегациясы да катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн, Азербайжандын Мамлекеттик туризм агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Канан Гулузаде акыркы жылдары Түрк мамлекеттеринен Азербайжанга келген туристтердин саны көбөйгөнүн белгиледи. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында, Азербайжанга барган Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Түркмөнстандан барган туристердин  саны  көбөйгөн.

Канан Гулузаде ошондой эле шаарлар ортосундагы түз каттамдардын саны көбөйгөнүн белгилеп, бул процесстин эки тараптуу негизде жүргүзүлүп жатканына көңүл бурду.

Төраганын кеңешчиси 2023-жылдын аягына чейин, Азербайжан жалпысынан эки миллион чет элдик жаранды кабыл аларын, 2026-жылы бул көрсөткүч 4 миллионго жетиши күтүлүп жатканын билдирди. Ал белгилегендей, 2026-жылы туризмден түшкөн киреше 10 миллиард манатка жетет.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Шамахы шаарын 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору катары шайлоо боюнча долбоору тууралуу маалымат берилди. Жыйындын жыйынтыгында Казакстандын Түркстан шаары 2024-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору болуп тандалып алынды.

https://report.az/ru/turizm/v-turkestane-proshla-8-ya-vstrecha-ministrov-turizma-stran-otg/