21.10.23

Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров жана Казакстандын президентинин кеңешчисинин жолугушуусунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн өсүшү, инвестиция тартуу жана транспорт-транзит тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

Азербайжандын Экономика министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, эки мамлекеттин башчылары өз ара урматтоо принциптерине негизделген көп векторлуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берише тургандыктары белгиленген. Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө өз ара иш сапарлар, кол коюлган документтер жана өтүп жаткан иш-чаралар маанилүү роль ойнойт.

Ошол эле учурда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун алкагында жемиштүү кызматташтык түзүлдү. Азербайжан-Казакстан соода-экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого өзгөчө маани берилет. Инвестициялык кызматташуу да приоритеттүү багыттардын катарына кирет. Азербайжанда айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, транспорт жана тейлөө тармактарында иш алып барган 150 ашык казакстандын капиталы менен түзүлгөн компаниялар иш алып барышууда.

Тараптар байланыштарды өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестицияларды тартуу жана транспорт-транзит тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

https://report.az/ru/biznes/obsuzhdeno-razvitie-sotrudnichestva-mezhdu-azerbajdzhanom-i-kazahstanom-po-razlichnym-napravleniyam/