03.11.23

Азербайжан Түрк мамлекеттеринин экономикасына 20 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Негизги бөлүгүн Түркияга салынган инвестиция түзөт.

Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат кызмты билдирди. Азербайжандын президенти Илхам Алиев 3-ноябрда Астана шаарында болуп өткөн “Түрк кылымы” деген ураан менен өтүп жаткан, “Түрк мамлекеттер уюмунун X саммитинде” сөз сүйлөп жатып билдирди.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда биргелешкен инвестициялык фонддорду түзүү процесси башталганын баса белгилеген мамлекет башчысы “Азербайжан-Өзбекстан” инвестициялык фонду жана “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду түзүлгөнүн билдирди.

Илхам Алиевдин айтымында, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2023-жылдын январь-сентябрь айларында, Азербайжандын Түрк мамлекеттери менен соода жүгүртүүсү 40 пайызга өскөн.  

https://vesti.az/ekonomika/ilxam-aliev-raskryl-summu-investicii-vlozennyx-v-ekonomiku-tyurkskix-gosudarstv-502258