15.11.23

Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан “жашыл” энергияны экспорттоо үчүн техникалык шарттарды жана биргелешкен ишкананы даярдоону макулдашты. Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү макулдашуу Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстандын Энергетика жана экономика министрлеринин Бакуда өткөн жолугушуусунда, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Европага Азербайжандын аймагы аркылуу электр энергиясын экспорттоонун келечегин талкуулоодо учурунда жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ведомстволордун жетекчилери биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Анда өлкөлөрдүн энергия тармагындагы потенциалы жана альтернативалык булактардан алынган электр энергиясын, Европага экспорттоо долбооруна кошулууга даяр экендиктери белгиленди.

Катышуучулар энергиянын кайра жаралуучу булактарына басым жасоо менен энергия алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашты; жашыл водородду жана жашыл аммиакты иштеп чыгуу жана экспорттоо жана аны менен байланышкан инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иштелип чыккан жана бекитилген техникалык шарттардын негизинде, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого тендер жарыяланат. Катышуучулар ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишкана түзүү перспективасын изилдөөнү макулдашышты. Экономика жана энергетика министрлеринин деңгээлиндеги кийинки жыйын Ташкентте өтөт.

https://qazaqgreen.com/news/kazakhstan/1561/