17.11.23

Азербайжандын “Баку эл аралык деңиз соода порту”  аркылуу  2023-жылдын аягына чейин,  Борбор Азиядан 2 миллион тоннага чейин мунай ташылуусу пландаштырууда.

Бул тууралуу аталган деңиз портунун  стратегиялык пландоо  жана өнүктүрүү департаментинин башчысы Худаяр Гасанли “Report” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көпттүк кылат.

Худаяр Гасанли: “Казакстан менен Түркмөнстандын мунайы Азербайжан аркылуу Батыш өлкөлөрүнө ташылат”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, 2022-жылы “Баку” порту аркылуу ташылган товарлардын көлөмү 6 миллион 314 миң тоннаны түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,6% пайызга көп болгон. 2023-жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 7 миллион тоннадан ашат деп күтүлүүдө.

https://report.az/ru/infrastruktura/obem-sredneaziatskoj-nefti-transportiruemoj-cherez-bakinskij-port-mozhet-uvelichitsya-v-2-raza