23.11.23

Өзбекстан жана Казакстан, Борбор Азиядан Европага электр энергиясын “Каспий-Кара деңиз-Европа жашыл энергетика коридору” аркылуу  экспортттоону пландоодо.

Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика миристрилигинин басма сөз кызматы, аталган министрликтин жетекчиси Парвиз Шахбазов  Венгриянын Тышкы иштер министри Петер Сийярто менен Будапешт шаарында болуп өткөн жолугушуусунда талкуулагандыгын билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары, бул долбоорду ишке ашырууда Азербайжандан чоң көлөмдөгү  “Жашыл энергияны” Европанын рыногуна жеткирүү маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгилешти. Долбоордун Азербайжан жана Евробиримдиктин анын ичинде, Венгрия менен экономикалык байланыш түзүүдө стратегиялык маанисине баа берилди.

Жолугушууда, Азербайжан жаратылыш газынын Венгрия рыногу үчүн маанилүү экендиги белгиленди. Аны узак мөөнөттүү, үзгүлтүксүз жеткирүү жана ошондой эле венгриялык компаниялар менен мунай-газга байланышкан долбоорлору менен кызматташууну өнүктүрүү талкууланды.

https://report.az/ru/energetika/uzbekistan-i-kazahstan-zainteresovany-v-prisoedinenii-k-zelenomu-energeticheskomu-koridoru-v-evropu/