09.12.23

Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Багчи 2023-жылдын аягына чейин, Азербайжан менен соода жүгүртүү 7,5 миллиард долларга жете турганын билдирди.

Бул тууралуу, элчи 9-декабрь күнү Баку шаарында болуп өткөн “Гейдар Алиев 100, ишкерлер дүйнөсү, бир эл эки мамлекет” аттуу конференцияда билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү 2023-жылдын 10 айында эки өлкө ортосунда 6,7 миллиард долларлык соода операциялары жүргүзүлгөн. Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Багчи: “Жылдын аягына чейин, бул көрсөткүчтү 20% пайызга көбөйтөбүз. Азербайжан менен мамиле бардык тармактарда өнүгүп жатат. Бул мамилелерде өзгөчө орунду экономикалык кызматташтык ээлейт. Биздин негизги максатыбыз, Азербайжан менен соода жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүү жана азыркы көрсөткүчтөр бул максатка жетүү үчүн жарым жолго келип калганыбызды көрсөтүп турат”- деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/biznes/dzhahit-bagchi-k-koncu-goda-tovarooborot-mezhdu-azerbajdzhanom-i-turciej-dostignet-7-5-mlrd-dollarov/