21.12.23

Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов Гейдар Алиевдин жана Түркиянын 100 жылдыгына арналган “Азербайжан-Түркия” инвестициялык форумунда сөз сүйлөп жатып,  Азербайжандын 2030-жылга чейин таза айлана-чөйрөгө жана “жашыл өнүүгө” жетишүүсү, Карабак, Чыгыш Зандезур жана Нахчывандын жашыл энергия зонасы катары өнүгүшү, жашыл энергия менен камсыз кылуу стратегиясы, Азербайжан жана Түркиянын энергетика тармагындагы кызматташтыгын бул жаңы багытта өнүгүшүнө салым кошуп жаткандыгын билдирди.

Парвиз Шахбазов: “Нахчыванда эл аралык энергетикалык компаниялар менен жашыл энергетикалык долбоорлор боюнча кызматташуу жүргүзүлүп жатат, бул жерде негизги көңүл өндүрүлгөн энергияны Түркияга экспорттоого багытталган. Мунун баары, Нахчыванды өнүктүрүүнүн 4 жылдык мамлекеттик программасынын жоболору менен дал келет. Азербайжандын президенти тарабынан бекитилген программа, Түркия менен жаратылыш булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү жана экспорттоону көбөйтүү сыяктуу маселелерде кызматташууну карайт”, - деп кошумчалады министр.

Парвиз Шахбазов ошондой эле Нахчывандан Түркия жана Европага 1000 мегаваттан (МВт) ашык энергияны экспорттоо стратегиялык максатка ылайык, “Азербайжан-Түркия-Европа” энергетика коридорунун түзүүнүн негизги приоритеттердин бири экенин баса белгиледи.

https://vesti.az/ekonomika/parviz-saxbazov-energeticeskii-koridor-azerbaidzan-turciya-evropa-yavlyaetsya-odnim-iz-glavnyx-prioritetov-506071