03.02.24

Азербайжан темир жолу аркылуу 2023-жылы жалпы 18 миллион тонна жана 7 миллион тоннага жакын транзиттик жүк ташылган.

“Азербайжан темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, 2022-жылга салыштырмалуу, Азербайжан аркылуу ташылган транзиттик жүктөрдүн көлөмү дээрлик 80% пайызга өскөн.

Өткөн жылы, “Түндүк-Түштүк” коридорунун “Астара” (Иран)  терминалында курулуш иштеринин 60% пайызы ийгиликтүү аяктаган. 2023-жылы бул терминалдан 700 миң тоннага жакын жүк ташылган.

“Ортоңку коридор” боюнча транзиттик жүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү максатында Азербайжан, Казакстан жана Грузиянын темир жолдорунун ортосунда биргелешкен ишкана түзүлдү. Азербайжан аркылуу “Ортоңку коридор” менен Кытайдан жүк ташуу кайрадан жанданды.

https://report.az/ru/infrastruktura/obem-tranzitnyh-gruzov-cherez-azerbajdzhan-vyros-pochti-na-80/