04.05.24

Кыргызстан Азербайжандын мунай эмес продукциясын импорттоочу алдынкы бештике  кирди. Бул тууралуу, Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында, азербайжандын мунай эмес товарын импорттогон өлкөлөрдүн ичинен Россия 154,4 миллион доллар менен алдыңкы орунда турат.

Түркия Азербайжандан 97,3 миллион долларлык товар экспорттоо менен экинчи орунда турат. Андан кийин Грузия (42,9 миллион доллар), Украина (18,2 миллион доллар) жана Кыргызстан 18,2 миллион доллар менен азербайжандык продукцияны керектөөчүлөрдүн ичинен бешинчи орунду ээлеген.

https://economist.kg/ekonomika/2024/04/04/kyrghyzstan-voshiel-v-top-5-importierov-nienieftianoi-produktsii-azierbaidzhana/