12.04.24

Азербайжан 2023-жылы Түркиянын экономикасына 1 миллиард 815,1 миллион доллар инвестиция салган.

Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 7,3 эсеге көп деп айтылат “Report” маалымат агентиги Азербайжандын Борбордук банкынын билдирүүсүнө таянуу менен берген шилтемесинде.

Азербайжандын Түркиянын экономикасына салган инвестициясынын жалпы инвестиция көлөмүндөгү үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 пайыздан 58,2 пайызга өскөн.

Өткөн жылы Түркия Азербайжан экономикасына 1 миллиард 302,4 миллион доллар инвестиция салган, бул бир жыл мурункуга караганда 15,3 пайызга көпттүк кылат.

Бир жыл ичинде Түркия инвестициясынын Азербайжан экономикасындагы үлүшү инвестициянын жалпы көлөмү 18 пайыздан 19,6 пайызга өскөн.

https://report.az/ru/finansy/azerbajdzhan-uvelichil-investicii-v-ekonomiku-turcii-bolee-chem-v-7-raz/