23.04.24

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев: “Бүгүн биз “Азербайжан-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун уставдык көлөмүн 4 эсеге  25 миллиондон 100 миллион долларына чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашууга кол койдук” - деп билдирди жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Ильхам Алиев белгилегендей, уставдык капиталдын көбөйүшүнө  көптөгөн арыздардын келип түшүшү себеп болгон . Анын айтымында, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кырктан ашык арыз түшкөн.

Ильхам Алиев: “Ошондуктан 100 миллион доллар чек эмес деп ойлойм. Биз тиешелүү мамлекеттик органдарга биргелешкен инвестициялык фонд долбоорлорун ишке ашыруу механизмин тез арада ишке киргизүү боюнча  тапшырмаларды бердик”, - деп белгилеп өттү.

Аталган фонд эки өлкөнүн ортосунда 2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана кеңейтүү максатында түзүлгөн. Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетикалык комплекс, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тармактарды каржылоону камсыз кылат.

https://kabar.kg/news/il-kham-aliev-azerbaidzhano-kyrgyzskii-fond-razvitiia-uvelichen-v-4-raza-do-100-mln/