25.04.24

Кыргызстан менен Азербайжандын Экономика министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги жумушчу топ 2029-жылга чейин кызматташуу программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Документке Кыргызстандын президентинин Азербайжанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында 24-апрель күнү Баку шаарында кол коюлду. Амангелдиев белгилегендей, программа 2022-жылдын 20-апрелиндеги Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларациянын негизинде стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Ал кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын камтыйт жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте ар түрдүү тармактарда технологияларды жана инновацияларды алмашуу үчүн ылайыктуу аянтчаны түзүүгө көмөктөшөт.

Данияр Амангелдиев: «Эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн мыйзамдык базаны, ошондой эле мурда белгиленген жаңы демилгелерди колдонуу менен биз 2030-жылга чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлин 500 миллион долларга жакын камсыз кылууну көздөп жатабыз. Биз Азербайжан рыногун жогорку сапаттагы айыл чарба азыктары (картошка, буурчак, жаңгак, макарон), айнек буюмдары, электр лампалары жана башкалар менен камсыз кылууга даярбыз», - деп белгилеп өттү.

https://kabar.kg/news/kyrgyzstan-i-azerbaidzhan-podpisali-programmu-ekonomicheskogo-sotrudnichestva-do-2029-goda/