10.07.24

Бухара шаарында Азербайжан жана Өзбекстандын кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Комиссиянын теңтөрагалары Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров менен Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов, аталган иш-чара бизнес байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эффективдүү аянтча экенин баса белгилешти.

Эки тараптуу соода кызматташуусу экономикалык мамилелердин негизги багыты экени белгиленди. 2023-жылы Азербайжандын  Өзбекстан менен товар жүгүртүү 180 миллион долларга жакын болгон.

Үстүбүздөгү жылдын беш айынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 70 миллион долларга жакындады. Азербайжанда учурда өнөр жай, соода, транспорт, курулуш, айыл чарба жана тейлөө тармактарында 90 ашык өзбекстандык компания катталган.

Өнөр жай тармагында биргелешип салган инвестиция ийгиликтүү кызматташууга жол ачууда. Азербайжандын Гаджикабуль  автоунаа  индустриалдык паркында биргелешкен долбоордун алкагында автоунаалар чыгарылууда. Кызматташтыктын алкагында үстүбүздөгү 2024-жылдын алгачкы 7 айында 5,300 даанадан ашык “Chevrolet” маркасындагы унаалары өндүрүлгөн. Долбоор ошондой эле пикаптарды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды чыгарууну камтыйт.

Ийгиликтүү өнөктөштүк Азербайжанда пахта жана жибек өстүрүүчүлүк кластерлерин түзүүнү улантууда. Аймактар ​​аралык форумдар да маданий байланыштар менен бирге бул жааттагы мамилелердин дагы кеңейишине салым кошууда. Азербайжан менен Өзбекстандын транспорттук жана транзиттик тармагында да чоң потенциалы бар.

Эки тараптуу кызматташуунун дагы бир келечектүү багыты  энергетика тармагы. Эки өлкөнүн компаниялары  “SOCAR” жана “Узбекнефтегаз” Азербайжан менен Өзбекстандын мунай кендерин биргелешип иштетүүдө. Келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнөн Европага Азербайжандын аймагы аркылуу электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралууда.

Электр энергиясынын негизги өндүрүүчүсү жана экспорттоочусу болгон Азербайжан өз аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. 2024-жылдын май айында кол коюлган Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетикалык тутумдарын бириктирүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум бул багыттагы эффективдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын көрсөткүчү болуп саналат.

Саламаттыкты сактоо, туризм, маданият, билим берүү тармактарында да ийгиликтүү өнөктөштүк ишке ашырылууда.

Жолугушуунун соңунда жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду. Документте соода-экономикалык, энергетикалык, транспортук-транзит, айыл чарба, инновация жана башка тармактарда өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

https://report.az/ru/biznes/azerbajdzhan-i-uzbekistan-proveli-13-e-zasedanie-mezhpravitelstvennoj-komissii/