05.09.24
Өзбекстан жана Азербайжан CKD (Complete Knock Down) технологиясын пайдалануу менен “Chevrolet Cobalt” автоунааларын чогултууну уюштуруу боюнча биргелешкен долбоордун үстүндө иштер жасалып жатат.
Азербайжандын “Trend” агенттигинин маалыматы боюнча, долбоорго “Azermash” компаниясы катышууда. “Cobalt” үлгүсүндөгү унааларды 2025-жылдан тарта жылына 15 миң даана автоунаа чыгаруу пландалууда.
Эки тараптуу келишимдин негизинде, Азербайжандын “Гаджигабуле” заводунда “Chevrolet Tracker” жана “Chevrolet Onix” маркасындагы автоунаалары дагы чыгарылмакчы. Учурда Өзбекстанда “Chevrolet” маркасындагы унааларды “UzAuto Motors” компаниясы өндүрүп келет.
https://www.uzdaily.uz/ru/v-azerbaidzhane-mogut-naladit-sborku-avtomobilei-chevrolet-cobalt/