06.10.24
Түркия менен Азербайжан аймактагы күчтүү союздаш. Бул тууралуу, Түркиянын Соода министри Омер Болат “Report” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, Түркия менен Азербайжандын ортосунда экономика тармагында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор аймактык кызматташтыкты диверсификациялоодо жана жалпысынан аймакка оң таасирин тийгизүүдө деп белгилеп келип: “Биздин түрк ишкерлеринин Азербайжандагы биргелешкен долбоорлору жана капиталдык салымдары бар жана Азербайжан фирмаларынын да Түркияда абдан маанилүү жана стратегиялык инвестициясы бар”,-деп билдирди.
Анын айтымында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жаңыланган жеңилдетилген соода келишими иштеп жатат. Омер Болат: “Биз Азербайжан тарап менен, Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров менен эркин соода келишимин кеңейтүү маселеси боюнча жолугушууларды өткөрүп жатабыз”, - деп белгилеп өттү.
Министрдин айтымында, өлкөлөр ортосундагы мамилелер бардык тармактарда өнүгүп жатат жана бул өнүгүүгө эки мамлекет башчыларынын достук жана бир туугандык мамилелери чоң таасир тийгизүүдө.
Омер Болат: “Биз Азербайжанды абдан сүйөбүз жана “Бир эл – эки мамлекет” деген ураан менен эки өлкөнүн лидерлеринин салымынын аркасында саясий, аскердик, коргонуу, маданий, социалдык жана башка чөйрөлөрдө өнүгүүлөр болуп жатат” - деп белгилеп өттү. Түркия министри Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды бардык тармактарда идеалдуу деп мүнөздөдү.
https://report.az/ru/biznes/turciya-i-azerbajdzhan-predstavlyayut-silnyj-alyans-v-regione/