16-Январь 2017

2017-жылдын 16-январында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин социалдык курулуштар имаратында ORASAM жана Эл аралык мамилелер клубу тарабынан уюштурулган семинарга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч “Кыргызстан-Түркия мамилелери” темасында маек курду.

Элчи мырза өзүнүн маегинде, Орто Азияда жашаган түрк элдеринин жалпы тарыхка ээ экендигин жана кээ бир себептерден улам, алардын бир бөлүгү батышка жер которушуп, Анадолу аймагында өзүнүн мамлекетин кургандыгы жөнүндө кеңири айтып берди. Ошондой эле элчи мырза көптөгөн кылмдар мурун үзүлгөн кыргыз-түрк мамилелеринин Кыргызстан эгемендигине ээ болгон соң  уланып жаткандыгына токтолду. Дүйнөлүк саясаттагы түрк өлкөлөрүнүн орду жана тышкы саясатта өнүгүүгө жетишүүнүн жолдору тууралуу сөз кылды. Семинар студенттер менен болгон интерактивдүү маек менен жыйынтыкталды.