2019-жылдын 6-майында Кыргыз-Түрк Манас университетинде окуу жайдын профессорлорунун жана окутуучуларынын катышуусунда “Учурдагы геосаясий чөйрөдө Казакстан-Иран мамилелери: абалы, көйгөйлөрү жана келечеги” деген темада Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинини эл аралык мамилелер бөлүмүнүн докторантурасынын 2-курсунун студенти Түлөбаева Акмаралдын Борбордук Азияны изилдөө борборунун колдоосунда семинары болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга ушул жылдын 25-апрелинде Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен Манас Университетине стаж өтүү үчүн келген эл аралык мамилелер бөлүмүнүн докторанттарынын максаттары жана милдеттери тааныштырылды. Студенттер Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Манас Университетинини ортосунда 2017-жылдын 7-апрелинде келишилген Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана студенттердин өзүлөрүнүн окуу жайынын чет өлкөдө стаж өтүү программасынын алкагында келишкен.

Семинардын жүрүшүндө студенттин аталган тема боюнча доктордук изилдөөсүнүн негизги абалы жана көйгөйлөрү каралып талкууланды. Түлөбаева Акмарал, Казакстандын жана Ирандын өз ара кызматташуусун талдоонун объективдүү шарттарын жана теориялык негиздерин көрсөттү жана Казакстан Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелерди түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн тарыхый, географиялык жана геосаясий шарттарын түшүндүрдү. Ошондой эле, эки өлкөнүн коопсуздук, экономика, соода, транспорт, маданият жана башка тармактарда кызматташуусунун багыттарын аныктаган жагдайларга кыскача токтолду.

Доктарант Казакстандын жана Ирандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жакынкы келечекте өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү, Ирандын тышкы саясатындагы Казакстандын ролу жана ошондой эле Казакстан үчүн Ирандын ролу тууралуу кыскача баяндалды.

Жыйынтыгында катышуучулар докторантка темага байланыштуу суроолор берди, ошондой эле Иран жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун өзгөчөлүктөрү жана көйгөйлөрү талкууланды.