Борбор Азияны изилдөө борбору (ORASAM) жана Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган «Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын тарыхы, түзүмү, башкаруучулук уюму жана карьера мүмкүнчүлүктөрү» аттуу семинардын биринчи бөлүгү 2022-жылдын 22-апрелинде өткөрүлдү.

Семинарда Семинардын алкагында Борбор Азияны изилдөө борборунун (ORASAM)  конок изилдөөчүсү (Парламенттин мыйзам чыгаруу боюнча эксперти) Мехмет Яхья Чичекли төмөнкү темалар боюнча маалымат берди:

۞ Түркия парламентинин түзүлүшү жана парламент Боштондук согушу учурунда

۞ Парламент имараттары

۞ Түркия парламентинин өткөндөн азыркыга чейинки негизги мыйзамдары

۞ Түркия парламентинин  өткөндөн азыркыга чейин түзүлүшү

Семинардын алкагында; Эл өкүлдөр жыйынынын ачылуу процесси жана ошол мезгилдеги шарттар, мыйзам чыгаруу мөөнөттөрү, парламенттик шайлоолор, парламенттин бир канат жана кош канат мезгили, парламенттеги мандаттардын санынын өзгөрүшү, Түркия парламентинин жобосунун абалы жана функциясы, парламенттин эски жоболору жана ага тиешелүү мыйзамдар тууралуу маалымат берилди.