Борбор Азияны изилдөө борбору (ORASAM) жана Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан уюштурулган «Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (парламенти) тарыхы, түзүмү, башкаруучулук уюму жана карьера мүмкүнчүлүктөрү» аттуу семинардын экинчи бөлүгү 2022-жылдын 29-апрелинде өткөрүлдү.

Семинардын алкагында, Борбор Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) конок изилдөөчүсү (парламенттик мыйзам чыгаруу боюнча эксперт) Мехмет Яхья Чичекли төмөнкү темалар боюнча маалымат берди:

۞Түркия парламентинин административдик уюмунун тарыхы жана административдик уюмдун азыркы структурасы

۞ Түркия парламентинин административдик уюмундагы адистештирүү процесси

۞ Түркия парламентинде карьера мүмкүнчүлүктөрү

Семинардын алкагында; Мыйзам чыгаруу органдарынын функциялары, парламенттин башкаруу органдарынын  мааниси,

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (парламент) башкаруу органдарынын жаралышы жана өнүгүү процесси, мурунку администрациялык уюштуруу мыйзамдары жана учурдагы уюштуруу мыйзамы, административдик уюмдун түзүмү, Түркия парламентинин административдик уюмунда адистешүү процесси, Түркия парламентинде карьералык өсүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, стенография жана мыйзам чыгаруучу экспертиза кесиптерине кирүү процесстери тууралуу маалымат берилди.