Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азия изилдөөлөр борбору (ORASAM) Эл аралык байланыштар бөлүмү менен биргеликте уюштурган “Парламенттик дипломатия, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы, дипломатиялык кат алышуу жана сүйлөө техникасы” аттуу семинар программасынын биринчи бөлүгү 2022-жылдын.20-май күнү болуп өттү.

Семинарда Борбордук Азия изилдөөлөр борборунун (ORASAM)   конок изилдөөчүсү (парламенттик мыйзам чыгаруу боюнча эксперт) Мехмет Яхья Чичекли «Парламенттик дипломатия» жана «Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы-ТүркПА» темасында маалымат берди. Бул контекстте төмөнкү темалар талкууланды:

  1. Парламенттик дипломатия деген эмне?
  2. Негизги эл аралык парламенттик уюмдар (парламенттик ассамблеялар)
  3. Парламенттик дипломатиянын мааниси
  4. Парламенттик дипломатиянын артыкчылыктары жана кемчиликтери
  5. Парламенттик дипломатиянын бүгүнкүсү жана келечеги

6.Түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык байланыштар жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы