Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азия изилдөө борбору (ORASAM) Эл аралык байланыштар бөлүмү менен биргеликте уюштурган “Парламенттик дипломатия, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы, дипломатиялык кат алышуу жана сүйлөө техникасы” аталышындагы семинар программасынын экинчи бөлүгү 2022-жылдын 27-май  күнү болуп өттү.

Семинарда Борбордук Азия изилдөөлөр борборунун (ORASAM) конок изилдөөчүсү (Парламенттин мыйзам чыгаруу боюнча эксперти) Мехмет Яхья Чичекли тарабынан «Дипломатиялык кат алышуу жана сүйлөө техникалары» тууралуу маалымат берилди. Бул контекстте төмөнкү темалар талкууланды:

  1. Дипломатиялык кат алышуу жана өкүлчүлүк
  2. Дипломатиялык жазуу ыкмалары
  3. Дипломатиялык кат алышуунун түрлөрү
  4. Дипломатиялык сүйлөө жана кайрылуу принциптери
  5. Дипломатиялык жүрүм-турум жана сылыктык
  6. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн ыкмалары