2022-жылдын 24-августь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Бишкектеги кеңсесинин жыйындар залында, социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулаган тегерек стол болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азияны  изилдөө борборуну (ORASAM) тарабынан ПРООНдун «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана коомчулук» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн «Кыргыз жараны» концепциясын колдонуудагы көйгөйлөрдү аныктоого багыталган тегерек стол болуп өттү. Отурум Мукаш Калдаровдун жетекчилиги астында ПРООН уюму тарабынан өткөрүлдү. Жыйында докладдарды жасаган доцент, доктор. Закир Чотаев (долбоордун жана изилдөө методологиясынын бет ачары боюнча), доцент Нургүл Есенаманова («Кыргыз жараны» концепциясынын диний кырдаалга жана ишке ашырууга тийгизген таасирин аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарынын бет ачары боюнча дин тутуу эркиндиги укугу боюнча) жана лектор, доцент, доктор Алтынбек Жолдошов («Кыргыз жараны» концепциясынын этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелерге тийгизген таасирин аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүү боюнча) билдирүү жасашты. Жыйын Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ПРООНдун жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбордук Азияны  изилдөө борборунун (ORASAM)  мүчөлөрүнүн катышуусунда болуп өттү.