2022-жылдын 20-22-октябрында Анталья шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен Дүйнөлүк Ахыска Түрктөр Бирлигинин (DATÜB) жетекчилигинде "1. Эл аралык Ахыска түрктөрү аялдарынын симпозиуму” болуп өттү.

Ахыска түрктөрү аялдары боюнча биринчи симпозиум төрт сессияда өткөрүлдү. Симпозиумдун алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Борбордук Азия изилдөөлөр борборунун (ORASAM) кызматкери Залина Адобашева “Кыргызстанда жашаган Ахыска түрктөрү аялдарынын ажырашуу себептери жана кесепеттери” аттуу баяндама жасады. Симпозиумга негизинен Казахстан, Россия, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнөн келген Ахыска диаспорасынын аял интеллектуалдары, ошондой эле эксперт академиктер жана изилдөөчүлөр катышты.