Университетибизде 18-март - Чанаккале жеңиш күнүнө карата “Чанаккале шейиттерин эскерүү” иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара Борбордук Азияны изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп, анда борбордун жетекчиси, профессор Насух Услу “Чанаккале жеңишинин мааниси” темасында баяндама жасады. Эскерүү иш-чарасынан соң университеттин ашканасында Чанаккале менюсунан түзүлгөн түшкү тамак берилди.