26.02.2024

Гонконгдун “Сити” университетинин аспиранты Сюэцзюн Лю Борбордук Азияны изилдөө борборунда “Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер (эмпирикалык)” деген темада семинар өткөрдү.

Семинарда 2013-жылдан 2023-жылга чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жана мамлекеттик кызматкерлер менен чакан бизнес тармагынын топторунун өз ара аракеттенүүсү талкууланды.