2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Орто Азияны изилдөө борбору, Экономика жана башкаруу факультетинин Эл аралык мамилелер бөлүмү жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган программанын алкагында семинар болуп өттү.

Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хуршид Мирзахидов "Өзбекстандын тышкы саясаты жана Өзбекстан-Кыргызстан мамилелери" темасында кызыктуу баяндама жасады. Элчи мырза  өзүнүн сунган баяндамасында, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосундагы көп тармактуу мамилелердин тынымсыз өнүгүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Элчи Хуршид Мирзахидов акыркы жылдары эки мамлекет биргеликте  ишке  ашыруу үчүн пландалып жаткан ири долбоорлор “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана “Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясынын (ГЭС) курулушу тууралуу маалымат берди. Ошондой эле элчи жакынкы жылдары эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2 миллиард долларга жеткирүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары, Хуршид Мирзахидов эки мамлекеттин ортосунда “Өзбекстан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду түзүлүп активдүү иш алып барып жаткандыгын жана туризм, айыл чарба, өнөр-жай, соода, медицина, маданият тармактарында параламенттер арасында кызматташуу активдүү өнүгүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп өттү.

Баяндамадан соң иш-чаранын катышуучулары болгон студенттер  элчиге өздөрүн кызыктырган  суроолорун беришти. Семинардын аягында Хуршид Мирзахидов бул семинардын жемиштүү болгонун билдирип, бул сыяктуу иш-чаралар үчүн ар дайым ачык экендигин билдирип өттү.