26.11.19  

Кыргызстанда 2019 - жылдын январь-октябрь айларында, жалпы аянты 788,3 миң чарчы метрди түзгөн  6,900 миң жеке турак үй пайдаланууга берилди. Мындай маалымат, Улуттук статистика комитети тарабынан берилди.

24.11.19

Түркиянын Анкара шаарында, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

 14.11.19

2019-жылдын алгачкы тогуз айында, “Кумтөр” алтын өндүрүүчү ишканасында 451 миң 679 унция же 14 тонна 48,8 килограмм алтын өндүргөн. Жыл башынан бери, компания 10,79 миллиард сомдон ашуун салыкты жана милдеттүү төлөмдөрдү өлкө казынасына которгон деп билдирет “Кумтөр Голд” компаниясынын басма сөз кызматынан.

09.11.19

Кыргызстан 2023-жылга карата туризмди өнүктүрүү боюнча, Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтинг көрсөткүчүндө 70-орунду камсыз кылууну пландаштырууда.

02.11.19

Кыргыз өкмөтү жана Азиялык өнүктүрүү банкы Үч – Курган ГЭСинин реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык жана кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

02.11.19      

Ташкент шаарында, Өзбекстанга иш сапар менен барган Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун жолугушуусу болуп өттү.

21.10.19
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков,  Японияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Tokyo Rope MFG” корпорациясынын Токиодогу башкы кеңсесинде болуп кайтты.

15.10.2019

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) 7-жыйыны, Азербайжандын борбору Баку шаарында болуп өттү. Саммитке Түрк кеӊешине мүчө мамлекеттердин лидерлери катышып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маанилүү маселелер талкууга алынды.

15.10.19

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

15.10.19

Кыргызстан Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуш кылат.