06.12.22

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 2022-жылдын 1-3-декабрында Түркмөнстанга иш сапары менен барды.

23.11.22

Бишкектен анча алыс эмес жерде Орто Азиядагы эң чоң эс алуу жайларынын (курорт) бири курулат. Бул тууралуу 23-ноябрда маалымат жыйынында, Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

23.11.22

Кыргызстан жана Казакстан туристтердин өтүшү үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

18.11.22

Түркиялык адистер Кыргызстанда “Organic” эл аралык стандартындагы органикалык продукцияларды сертификациялоо боюнча орган ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу, “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Айыл чарба  органикалык   департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев билдирди.

08.11.22

8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиянын Ички иштер министри Сүлейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

07.11.22

Кыргызстандын банктар союзу, Түрк тилдүү мамлекеттеринин банк ассоциацияларынын кеңешинин мүчөсү болду. 4-ноябрь күнү, Стамбул шаарында кеңешти түзүү жана көп тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюу аземи болгонун Кыргызстандын Банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

08.11.22

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрь күнү өлкөгө сапар менен келген Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

13.10.22

Кыргызстан, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын транспорт министрлери өлкөлөр ортосундагы транзиттик товар ташууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

11.10.22

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Азербайжан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

11.10.22

«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», - деп билдирди президент Садыр Жапаров 11-октябрь күнү Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып.