- Подробности
Тажикстандын жарандарынын кошуна Өзбекстанга март айынын экинчи жарымынан кийин, кирип чыгуусу көбөйгөн. Себеби, Дүйшөмбү жана Ташкент 30 күндүн ичинде эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз кирип чыгуу тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин болду.
- Подробности
11.19.18.
Ташкент
2019-жылы сентябрда айында Түштүк Кореянын Hyundai Өзбекстандын Наманган облусунда соода транспорт каражаттарын өндүрүү боюнча заводду иштетип баштайт деп РИА Новости агентиги дүйшөмбү күнү билдирди.
- Подробности
2018-жылдын 26-октябрында, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев чет өлкөдө жашаган мекендештер менен кызматташуу тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитти.
- Подробности
Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарынын компаниялары шейшемби күнү Ташкенттеги жылдык бизнес-форумда 2,5 млрд долларлык 13 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Америка-Өзбекстан Соода палатасынын башчысы Керолин Лемм билдирди.
- Подробности
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-октябрда Турдакул суу сактагычында курулушу пландалып жаткан биринчи өзөктүк электр чордонуну (АЭС) боюнча Россия менен келишимди бекитти.
- Подробности
Европа Инвестициялык Банкы Өзбекстанга суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана иш-каналардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 100 миллион евро насыя бөлүп берди.
- Подробности
17 Октябрь 2018
"Евроцемент груп" холдинги "Ахангаранцемент" акционердик коомуна тиешелүү аянтчасында (Ташкент облусу) цемент заводун кура баштады, долбоор $160 млн. долларга бааланган.
- Подробности
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-октябрдан тарта Франция жарандары үчүн визасыз режим киргизди, бул жөнүндө 5-октябрь күнү туризм боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
03.10.2018
Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттары $ 1 млрд долларга чет өлкөлүк түз инвестициялардын биргелешкен фондуну курушту.