28.06.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, ар кыл чөйрөдөгү кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

28.06.21

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Бул анын президент катары Түркмөнстанга биринчи жолу барашы. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап бир катар келишимдерге, документтерге кол коюп, биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

25.06.21.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев   2021-жылдын 24-июнь күнү, Түркиянын Соода министрлигинин алдындагы Халал аккредитация боюнча Комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы Зафер Сойлу менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 9-11-июнь күндөрү Түркияга расмий иш сапары менен барды.

10.06.21

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-июнь күнү, Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (парламент) Төрагасы Мустафа Шентоп мырза менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  9-июнь күнү Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен  Анкара шаарында  жолугушту.

26.05.21

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына Түштүк Кореядан инвесторлор келишти. Бул тууралуу, “Turmush” маалымат кызматы билдирди.

10.03.21

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 10-март күнү,  “Анталия дипломатиялык форуму” уюштурулду. Иш-чара өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда болуп ѳттү.

15.05.21

Кыргызстан жана Түркия өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландаштырууда.

17.05.21

Россиялык “КАМАЗ” компаниясы Кыргызстандык компаниялар менен биргеликте, Кыргызстанда оор жүк ташуучу автоунааларын чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.