09.03.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Тараптар, Кыргызстанга Түркиядан инвестиция тартуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, 9-март күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10.03.23

Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында, бир катар макулдашууларга жетишилип, эки мамлекет биргелешкен өндүрүш боюнча тиешелүү келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

09.03.23

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокат районунда ири текстиль фабрикасы иштеп баштайт. Аны курууга 16 миллион доллар өлчөмүндө акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу, 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

08.03.23

Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Асака шаарында жайгашкан “UzAuto Motors” автоунаа заводунун өндүрүш процесси менен таанышып чыкты.

02.03.23

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Azerbaycan Airlines” авикомпаниясынын президенти Жахангир Аскеров менен жолугушту. Тараптар өлкөлөр ортосундагы жарандык авиация тармагындагы мындан аркы кызматташуунун максаттарын жана милдеттерин талкуулашты.

20.02.23

Кыргызстандын Жогорку кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети 2022-жылдын 11-октябрь күнү Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда карады.

14.02.23

Уставдык капиталы $16 млн болгон “Кыргыз-Венгрия” өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү активдештирилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолугушкан учурда макулдашылды.

13.02.23

Президент Садыр Жапаров 13-февралда расмий сапарынын алкагында, Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

31.02.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

01.02.23

Кыргызстан менен Түркия “Кыргыз-Түрк” өнүктүрүү фондун эртерээк түзүү маселесин талкууланды. Бул тууралуу, Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.