- Подробности
25.03.21
2020-жылы жарыяланган пандемиянын кесепеттеринен улам Казакстандын өндүргөн автоунааларын экспортко чыгаруусуна олуттуу терс таасирин тийгизди. Казакстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылы бул көрсөткүч болжол менен 58 миллиард долларды түзсө, 2020-жылдын соңунда, 47 миллиард доллардан бир аз ашыгыраак болгон.
- Подробности
16.03.21
Казакстанда 2025-жылга чейин мунай-химия продукциясын өндүрүүнү 5,5 эсе көбөйтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев өкмөттүн жыйынында учурунда билдирди.
- Подробности
15.03.21
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн эмири Мохаммедом ибн Рашидом Аль Мактум жана бир катар жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
07.03.21
Нур-Султан шарында 2021-жылдан тарта бешинчи муундагы 5G стандартындагы уюлдук байланышы пилоттук режимде иштей баштайт. Бул тууралуу, “Sputnik” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
02.03.21
Казакстан Кыргызстанга медициналык гуманитардык жана аскердик-техникалык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен биргелешип өткөргөн брифинг учурунда билдирди.
- Подробности
22.02.21
Казакстан Кыргызстандын Талас облусунун аймагында жайгашкан “Маймак” эркин экономикалык зонасынын аймагында, нефтини кайра иштетүүчү завод курууну каалайт. Мындай сунушун “Темирлан-Ойл” компаниясынын башкы директору Мухит Оразбаев Кыргызстандын президенттинин аппараты өткөргөн жыйыны учурунда билдирди. Жаңы завод Казакстандын “Кумколь” мунай кенинде өндүрүлгөн нефтини кайра иштетүү үчүн курулмакчы.
- Подробности
16.02.21
Казакстан 2021-жылы 15,4 триллион теңге инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.
- Подробности
15.02.21
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов “Гишт-Куприк” чек ара өткөрүү пунктунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
13.02.21
Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов жана Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Сайдикрам Ниязходжаевдин ортосунда жолугушуу болуп өттү.
- Подробности
02.02.21
Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өткөн министрлер кеңешинин жыйынында, аталган өлкөнүн Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов, Өзбекстан менен чектеш аймакта курулушу пландаштырылган эркин экономикалык зонасы тууралуу билдирүү жасады.