02.03.21

Казакстан Кыргызстанга медициналык гуманитардык жана аскердик-техникалык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен биргелешип өткөргөн брифинг учурунда билдирди.

 Казакстандын президенти, Кыргызстандын мамлекет башчысы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, коронавирус инфекциясиясына биргелешип каршы туруу маселелерин талкуулашкандыгын билдирди. Касым Жоомарт-Токаев, Казакстан медициналык каражаттардан жана дары-дармектерден турган кезектеги гуманитардык жардамын кыргыз элине  жөнөтүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Касым Жоомарт-Токаев Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтүлө тургандыгын жарыялады. Ошондой эле ал Казакстан Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин жана коңшу өлкөгө ири инвестиция салган мамлекеттердин бири экендигин белгилеп келип: “Акыркы 15 жыл ичинде биз Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашык инвестиция жумшадык. Казакстандык инвесторлор, Кыргызстандын экономикасынын маанилүү тармактарын колдоого жана социалдык абалды жакшыртууга салым кошуп келишет. Өзгөчө жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурушат. Ошондуктан биз өз ара инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдаштык”, - деп белгилеп өттү.  

Эскерте кетсек, буга чейин тар жана кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, Касым-Жомарт Токаев жана Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн биргелешкен брифинг өткөргөндүгү маалымдалган.

https://www.kazpravda.kz/news/prezident2/kazahstan-napravit-gumanitarnuu-pomoshch-kirgizstanu