- Подробности
21.04.20
Казакстан Республикасынын өкмөт башчысы Аскар Мамин 21-апрель күнү, видео байланыш аркылуу өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөргөн.
- Подробности
21.04.20
Өзбекстандын райондорунда жана шаарларында 2020-жылы, 30 миң даана көп кабаттуу батир үйлөрдү куруу болжолдонууда. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев, 20-апрель күнү болуп өткөн жыйналыш учурунда, курулуш иштерин тездетип, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу, мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
- Подробности
21.04.20
Тажикстандын Душанбе шаарында, Кытайга тиешелүү “COFCO Engineering & Technology Co., Ltd” компаниясы тарабынан жанылоодон өтүп жаткан, "Комбинат Орди Душанбе" ири ун комбинаты иштеп баштамакчы. Бул тууралуу, Тажик Телеграф Агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.
- Подробности
15.04.20
Казакстандын Костанай облусунда жайгашкан автомобиль өндүрүүчү, эң ири “СарыаркаАвтоПром” заводунун жумушчулары коронавирус илдетине карабастан суткасына 3 ирет алмашуу менен иштеп башташты. Бул тууралуу, Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Бейбут Атамкулов билдирди.
- Подробности
17.04.20
Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бюджетти колдоо үчүн сырттан тартылып жаткан акча каражаттары тууралуу маалымат берди.
- Подробности
20.04.20
Түркиялык “ASELSAN” компаниясы жана Казакстандын ортосунда, аралыктан башкарылуучу “SARP DUAL” системасына байланыштуу жаңы келишимге кол коюлду.
- Подробности
17.04.20
17-апрель күнү, онлайн режиминде өткөн телеконференция учурунда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ташкент облусуна караштуу Зангиата районунда, “Ташкент Фарма Паркы” («Tashkent Pharma Park») инновациялык илимий-өндүрүштүк фармацевтикалык кластеринин курулуш иштеринин башталгандыгын жарыялады. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришкен.
- Подробности
18.04.20
Түркияда экспортко чыгаруу үчүн өндүрүлгөн товарларды Азербайжан-Казакстан-Түркмөнстан жана Өзбекстанга жеткирүү үчүн 82 вагондон турган 940 метрлик поезд, Түркиянын Карс шаарынан, жолго чыккандыгы маалым болду.
- Подробности
18.04.20
Түркия Казакстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн жарым тоннага жакын өлчөмдөгү дары-дармектерди гуманитардык жардам катары жиберди. Түркиянын Түрк аба жолдору (THY) авиакомпаниясына караштуу “Turkish Cargo” фирмасына тиешелүү учак, Алматы шаарынын аба майданына келип конгондугун “NUR.KZ” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.04.20
Түркия жана Кыргызстан ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылдын 9-апрель күнү, президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапары учурунда кол коюлган. Түркиянын парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге, 2020-жылдын 7-апрель күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду.